ДОҢУЗ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-СУУ – Өзгөн р-нундагы суу, Жазы­нын оң куймасы. Уз. 44 км, алабынын аянты 192 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталат. Жогорку агымы Саз деп аталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2000 м. Терең капчыгай аркылуу агат. Алабы дээрлик суу куралуу облусуна кирет. 20дай ча­кан куймасы бар. Суу капчыгайдан өрөөнгө чык­канда Доңуз-Тоо кыш. аркылуу агып өтүп, Жазы суусуна оң жактан куят. Жылдык орт. чыгы­мы 2,74 м3/сек, эң көбү майда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.