ДООНУН ЭСКИРИШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООНУН ЭСКИРИШИ – бузулган укукту калы­бына келтирүү максатында сотко же бейтарап сотко кайрылуу үчүн мыйзам тарабынан белги­ленген мөөнөт. Д. э-нин жалпы мөөнөтү – 3 жыл. Кээ бир талаптар үчүн мыйзамда жалпы мөөнөткө салыштырмалуу кыскартылган же узартылган доонун атайын мөөнөтү белгилени­ши мүмкүн. Д. э-нин мөөнөтү доо коюу укугу пайда болгон күндөн, б. а. доогер өз укугунун бузулгандыгын билген күндөн башталат. Сот се­бебин жүйөлүү деп тапса, өтүп кеткен Д. э-нин мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу. Д. э-нин мөөнөтү м-н аны саноо тартиби тараптар­дын макулдугу аркылуу өзгөртүлбөйт. К. Эсенканов.