ДОСУМБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСУМБАЕВ Күнболот (10. 9. 1939, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 29. 5. 2002, Бишкек) – КРдин эл арт. (1991), КРдин Токто­гул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1986). А. Н. Ост-

ровский атн. Ташкент мамл. театр иск-восу ин-тунун ак­тёрдук ф-тин бүткөндөн (1963) Кыргыз мамл. акад. драма театрында иштеген. Д. – ар түрдүү драмалык, трагедиялык, комедиялык, сатиралык пландагы образ­дарды түзгөн кеңири диапа­зондуу актёр. Негизги рол­дору: Досберген (Ч. Айтма­тов, К. Мухамеджанов, «Фуд­зиямадагы кадыр түн»), Жекшенкул (Ч. Айтма­тов, «Саманчы жолу»), Төрөкелди-Карадөө (А. То­комбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Шаршен (Ж. Сады­ков, «Күйөө жолдош»), Шырдакбек (Ш. Сады­бакасов, «Ак боз ат»), Атабаев, Мурат, Ашыр­бай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт», «Жарыктык карыларым», «Ашырбай»), Герцог Ольбани (У. Шекспир, «Король Лир»), Аль­демаро (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Сары таз, Кыяз, Манас (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас») ж. б. 1951-жылдан киного да тартылган. Медалдар м-н сыйланган.

М. Тойбаев, «Жаңы келин». Эргеш – К. Досумбаев, Оля – М. Курманалиева.