ДОТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОТА́ЦИЯ (лат. dōtātio – cыйлык, тартуу) – мамлекет тарабынан ишканаларга‚ бийликтин жерг. органдарына‚ о. эле айрым адамдарга зыян­дын ордун толтуруу‚ жоголгондорду компенса­циялоо‚ төмөнкү бюджеттерди баланстоо ж. б. максаттар үчүн берилүүчү акча каражаттары. Д. алуучу тарабынан кайтарылары болжолдон­бойт ж-а анын так белгиленген багыты болбойт. Адатта жалпысынан улуттук экономика үчүн мааниси бар аз кирешелүү ж-а чыгашалуу өндүрүш Д-ланат. А. ч.‚ социалдык-маданий ме­кемелер‚ калкты тейлөөчү турак жай-коммунал­дык ишканалары ж-а уюмдары үчүн Д. кеңири жайылтылган. Бюджеттик мамилелерди кайра түзүү шарттарында Д. системасы бюджеттен кар­жылоонун субвенциялык формасы (к. Cубвен­ция) м-н алмаштырылат.