ДӨБӨЛҮ
ДӨБӨЛҮ – Нарын р-нундагы кыштак. Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын д-нын жээгинде, деңиз деңг. 2180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 19 км чыгыш тарапта, Балыкчы т. ж. бекетинен 205 км. Кыштак 1929-ж. отурукташкан. Калкы 1280 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, китепкана бар. Мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.