ДӨҢ-АЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢ-АЛЫШ – Нарын обл-нун Кочкор р-нунда­гы кыштак. Талаа-Булак айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 65 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 120 км. Кыштак 1935-ж. отурукташкан. Калкы 1378 (2006); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры К. Мамбеталиев туулган.