ДӨӨЛӨТ
ДӨӨЛӨТ (ар. давля, давлят) – 1) байлык жетиштүүлүк, молдук. Д. «тагдыр», «буйрук» түшүнүктөрү м-н тамырлаш. Кыргыздар: «Эр жигитке Д. үч жолу келет экен»,– деп коюшат. Аны көтөргөн (баалаган, баркына жеткен) бар, көтөрө албаган бар. «Мээнет – жалпак, Д. – тоголок» делет ылакапта. Мээнет (эмгек, аракет) качпайт, ал эми Д. аны кармай албагандан качат; 2) мамлекет (держава, империя маанисинде); 3) философияда: аксиол. (баалуулуктарды кастарлоо ж-дөгү) түшүнүк. Д.– кымбат, асыл, баалуу, барктуу нерсе. Мис., улуттук Д., эстетикалык Д.