ДӨӨЛӨТАЛИЕВ
ДӨӨЛӨТАЛИЕВ Cейит (9. 2. 1940‚ Чүй обл.‚ Кант р-ну‚ Ысык-Ата айылы – 16. 9. 2008, Бишкек) – экономика илимд. доктору (1993)‚ экономика ж-а эл чарбасын башкаруу б-ча адис. ФПИни бүткөн (1962). Кыргыз CCР ИА Экономика ин-тунда ил. кызматкер‚ бөлүм башчы‚ өндүрүштүк күчтөрдү ж-а жаратылыш ресурстарын изилдөө б-ча комиссиянын төрагасынын орун басары‚ КТУнун Токмоктогу экон. ф-тинде кафедра башчысы‚ декан (2002-жылдан). 170тен ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 5 монографиясы‚ 3 окуу китеби жарык көргөн.
Эмг.: Развитие и вопросы экономики горнодобывающей промышленности Киргизии. Ф.‚ 1979; Формирование и развитие промышленных комплексов Киргизии (авторлош). Ф.‚ 1985; Кыргызстандын кен байлыктары жана аны пайдалануу. Б.‚ 1996.