ДӨРӨ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРӨ-СУУ , Ч ы р п ы к т ы – Ысык-Көл р-нун­дагы суу. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн түш. беттеринен агып түшүп, Ысык-Көлгө куят. Уз. 35 км, алабынын аянты 128 км2. Жалпы уз. 69 км, 23 куймасы бар; ириси – Көл-Төр (23 км). Май–августта ташкындап, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль–август ай­ларындагы орт. чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь–февралда соолуп калат; эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай ай­ларында толугу м-н сугатка алынгандыктан, көлгө жетпей калат. Д-дан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыш. жайгашкан.