ДӨШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨШҮ – уста узанууга ылайыкталган чулу те­мир аспап. Анын үстүнкү бети жалпак, бир жагы жумуру, экинчи жагы төрт кыр учталып, дөң­гөчкө бекитилет. Темир усталардын Д-сү чоң, оор, зергерлердики кичинекей, зер буюмдарын жасоого ылайыкталган. Уста металлды ысык

Дөшүдө узанып жат­кан темир уста.

же муздак түрүндө Д-гө коюп кесет, көзөйт, со­зот, жалпайтат, түздөйт, ийет, миздейт, жуму­рулайт, кадайт ж. б. керектүү иштерди жасайт. Д. көөрүк очогунан анча алыс эмес жерге орно­тулат, анткени ысытылган темир сууй элегин­де Д-нүн үстүнө коюлушу керек. Учурда Д. м-н иштөө да механикалаштырылган. Н. Мусуралиева.