ДРАЙЗЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРА́ЙЗЕР Теодор (27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиа­на штаты – 28. 12. 1945, Голливуд) – амер. жазуучу. АКШ ад-тындагы сын реализминин өкүлү. 1889–90-ж. Индиана штатындагы Блу­мингтон ун-тинде окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-жылдан аңгеме, очерктери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу бел­гилүү романдардын автору. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Россияга каршы баскын­чылыкты айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы м-н Д. реалисттик чеберчилик­тин жогорку баскычына көтөрүлгөн. Совет өк­мөтүнүн чакыруусу б-ча 1927-ж. СССРге келип, өз көргөндөрү ж-дө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде амер. ад-тта биринчи жолу комму­нисттин образын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк со­гушта фашизмге каршы күрөшкөн, совет эли­нин баатырдык күрөшүн колдоп, гитлерчилер­ди айыптаган.