ДРАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРА́МА (гр . drfma – аракет) – 1) ад-ттын үч түрүнүн (эпос ж-а лирика м-н катар) бири Д. бир эле убакта театрга да, адабиятка да орток жанр. Д-нын өзгөчөлүгү – сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын ди­алогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү неги­зин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жал­пы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. Драматизм иск-вонун бардык түрүндө жолукса да, Д-да мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Д. өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия м-н комедия – Д-да жашап келген түбөлүктүү жанрлар. О. кылымда мисте­рия, моралите, көчө Д-лары, о. эле мелодрама, фарс, водевиль кеңири тараган, азыр Д-да тра­гикомедия маанилүү орунда. Европа Д-сынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим Д-сынын өкүлдөрү – Плавт, Теренций. Чы­гышта Д. кийинчерээк өнүккөн. Индияда Д. жанрынын гүлдөгөн доору б. з. 1-миң жылдыгы­на (Калидаса, 4–5-к., Шудрака, 5-к. ж. б.) туу­ра келсе, Кытайда 13–14-к-да атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа Д-сынын «алтын доорун» Англиядагы ж-а Испаниядагы Кайра жаралуу доору м-н барокко мезгилинде­ги Д. түзөт. Шекспирдин Д-ларында трагедия­луулук ж-а комедиялуулук, реалдуулук ж-а фантастика чыныгы элдик Д-лык формада сүрөттөлгөн. 19-к-дагы орус драматургиясы дүйнөлүк Д-нын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов – чыныгы реалисттик Д-ны жараткан. М. Горь­кий, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, В. Маяковский, Л. Леонов, А. Корнейчук, А. Ар­бузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз ад-тында Д-лык чыгармалар 1920-жыл­дардын аягында пайда боло баштаган. 1926-ж. Ысык-Көл обл. а. ч. техникумунда Д. ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педтехникумдун алдындагы Д-лык ийримдерде, театр студия­ларында орус драматургдарынын пьесалары (мис., Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» ж. б.) кою­ла баштаган. Кыргыз ад-тында алгачкы Д-лык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев, К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматур­гиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныста­нов турган авторлордун «Академия кечелери» деп аталган Д-лык циклин кыргыз Д. жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Д. жанрынын өнүгүшүнө Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Мали­ков, А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Абдумому­нов зор салымдарын кошту. Б. Жакиев, Ж. Са­дыков, М. Тойбаев, Б. Өмүралиев, М. Гапаров, С. Раев ж. б. драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. Айтматовдун кыргыз драматур­гиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чы­гармалары б-ча спектаклдер кыргыз театрларын­да эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай кою­лууда; 2) драматургиянын трагедия ж-а коме­дия м-н катар негизги жанрларынын бири. Д. комедия сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты – адамдардын мүнөзүн ж-а кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом м-н болгон оош-кыйыш мами­лесин ачуу. Д. трагедия сыяктуу эле каарман­дардын рухий калыптануу баскычын же адеп­ахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каарман­дарга таандык бөтөнчөлүк жок. Д. курч кара­ма-каршылыктарды ж-а алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Д-нын белгилери антикалык (мис., Европада) ж-а айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары Д. 18-к-да гана калыптан­ган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү – реалисттик психол. Д. Т. Абду­момунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Ма­нас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Сады-


бакаcoв («Ак боз ат») ж. б. кыргыз драматург­дары психологиялык драмага кайрылышты. А. Садыков, С. Төлөгөнова.