ДРЕЙК
ДРЕЙК (Drake) Фрэнсис (1540, Девоншир графтыгы, Тейвисток – 28. 1. 1596, Панама, Порто- Белього жакын) – англ. деңиз сүзүүчү, вице-адмирал (1588). Деңиз каракчыларынын Вест-Индияга экспедициясын жетектеген. 1556-ж. Гвинеядан Түш. Америкага кулдарды ташыган. 1567–77-ж. бир нече жолу Вест-Индияга деңиз жүрүштөрүн жасаган. 1577–80-ж. дүйнөнү 2-жолу айланып сүзүп (Ф. Магелландын экспедициясынан кийин), Оттуу Жер архипелагы м-н Түш. Шетленд а-нын ортосунда Тынч ж-а Атлантика океандарын туташтырган кысык бар экенин айткан. Кийинчерээк ал кысык анын ысмынан аталган. Түш. Америка материгиндеги Оттуу Жер архипелаг экенин далилдеген. 1588-ж. Испаниянын «Жеңилбес армадасын» талкалоодо англ. флотту жетектеген.