ДРЕЙК КЫСЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕЙК КЫСЫГЫ Оттуу Жер архипелагы м-н Түш. Шетленд а-нын аралыгында. Атлантика ж-а Тынч океандарын туташтырат. Уз. 460 км- дей; Жер шарындагы эң жазы (1120 кмге че­йин) кысык. Тереңд. 5249 мге чейин (эң тайыз жери 276 м). Катуу бороон көп болот. Түш. бөлү­гүндө кышкысын муз тоңот. Жайында айсберг­дер кездешет. 1578-ж. кысык аркылуу өткөн англ. деңиз саякатчысы Ф. Дрейктин ысмы­нан аталган.