«ГЭСЭРИАДА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГЭСЭРИА́ДА» (толук аты – «Дүйнөдөгү он өлкөнүн өкүмдары Гэсэр хан жөнүндө баян») – Борб. ж-а Чыгыш Азияда оозеки ж-а жазуу түрүндө кеӊири тараган Гэсэр хан ж-дөгү дастандардын эпостук цикли. 16–17-к-да эпос катары калыптанган. Тибет, моӊгол, калмак, бурят тилдериндеги варианттары белгилүү (тибеттиктер м-н моӊголдордо проза, буряттарда ыр түрүндө). Анын негизги мазмунун Түн.-Чыгыш Тибеттеги Амдо өлкөсүнүн эр жүрөк, билимдүү башкаруучусу Гэсэрдин бактысыздыкка ж-а социалдык адилетсиздикке каршы күрөшү түзөт. Эпостун баш каарманы Гэсэр бардык вариантында чыныгы элдик баатыр катары көрсөтүлөт. Тибеттиктер м-н моӊголдор Гэсэр ханды өздөрүн коргоо үчүн асмандан түшкөн баатыр деп эсептешкен. «Г.» тараган жердеги эл Гэсэрдин керт башына сыйынган.