ДУБАЙ
ДУБА́Й , Д и б а й – Бириккен Араб Эмирликтери мамлекетиндеги шаар. Араб ж. а-нын түн.- чыгышында. Перс булуңундагы порт. Дубай эмирлигинин адм. борбору. Калкы 585 миң (1989). Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуучу аймактын борбору. Алюминий з-ду, кемени кургакта ремонттоочу дүйнөдөгү эң ири курулма (кургак док) иштейт.