ДУБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАЛ – имараттын, там үйдүн ж. б. керегеси; короо-жайдын топурактан, кыштан ж. б. тургу­зулган тосмосу. Ал негизги тосуучу констр. бо­луу м-н бирге көтөрүп туруучу милдетти да ат­карат. Д. имараттарда сырткы ж-а ички, өзү көтөрүп туруучу, көтөрүп туруучу ж-а көтөрүп турбоочу болуп бөлүнөт. Көтөрүп туруучу ж-а өзү көтөрүүчү Д. басымды түздөн-түз пайдубал­га берет, көтөрүп турбоочу имараттын башка


констр-ларына – негизинен түркүктөргө же ка­баттардын ортосун жаап туруучу плиталарга бе­китилет. Тургузулуу ыкмасы б-ча чогултулуучу (ири панелдүү же ири блоктуу), монолиттүү (кө­бүнчө бетондуу) ж-а кол м-н тургузулуучу кыш Д. болот.