ДУБИНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБИ́НИН Николай Петрович [22. 12. 1906 (4. 1. 1907 Кронштадт – 1998] – сов. генетик, СССР ИАнын акад. (1966; корр. мүчөсү, 1946), Соц. Эмг. Баатыры (1969). МГУну бүтүргөн (1928). 1932-жылдан СССР ИАнын түрдүү ил.-из. меке­мелеринде иштеген, 1966-жылдан СССР ИАнын Жалпы генетика ин-тунда директор. Д. жалпы генетика, эвол. генетика б-ча изилдөөлөр жүр­гүзүп, мутациянын пайда болуу закондору, ген­дин түзүлүшү ж-а функциясы, селекциянын ген. негиздери б-ча ачылыштар жасаган. Ал, о. эле космостук генетикада да эксперимент жүргүзүп, радиациялык, эволюциялык генетиканын бир катар проблемаларын, мутация процессиндеги этаптуулук маселесин иштеп чыккан. Ленин сыйл. лауреаты (1966). Чет өлкөлүк бир катар ИАнын ж-а Улуу Британия генетиктер коому­нун мүчөсү.

Эмг.: Генетика популяций и селекция. М., 1967 (совм. с Я. Л. Глембоцким); Общая генетика. М., 1970.