ДУБЛИН
ДУ́БЛИН (ирландча Бале-Аха-Клиах) – Ирландиянын борбор шаары. Ирландия а-нын чыгышында, Лиффи д-нын чатында жайгашкан. Калкы 1,0 млн (2003). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 3-к-дан эскерилет. 1922-ж. Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949- жылдан Ирландия Респ-нын борбору. Машина куруу (а. и. кеме), металл иштетүү, тамак-аш – татымал, текстиль, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-к.), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11– 1

Дублин ш-ндагы О’Конель каналы.
13-к.) чиркөөсү ж-а Сент-Патрик (12–14-к.) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (а. и. улуттук, заманбап иск-во, сүрөт ж. б.), китепканалар, ун-т, Улуттук гал., королдор музыкасы ж-а Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.