ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ Түркстан Респ­нын 1920-ж. 8-февралдагы токтому б-ча О. Азия­да ак гвардиячыларга ж-а басмачыларга кар­шы түзүлгөн аскердик бөлүк. Верный ж-а Пиш­пек уезддеринен куралган бул полктун кол башчысы Магазы Масанчин болгон. Д. а. п. 1921-ж. Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалап, Оро-Төбө р-нун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-ж. басмачылардын негизги күч­төрү талкалангандан кийин таркатылган.