ДУНГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАНДАР (өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, ла­охуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) – Кытай (20 млн), Россия (5 миң), Казакстан (40 миң), Өзбек­стан (5 миң), Кырг-н (60 миңге жакын), о. эле КМШ өлкөлөрүндө жашаган калк. Дунган ти­линде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-суннит­тер. Д-дын ата-бабалары – хуэй 19-к-дын 2-жа­рымында Кытайдагы Цинь династиясына кар­шы Дунгандардын көтөрүлүшү жеңилгенден кийин Шеньси, Ганьсу, Синьцзян провинцияла­рынан Казакстан (Кара-Коңуз, Шор-Төбө айыл­дарына шеньсиликтер) ж-а Кырг-нга (Ырдык айылына ганьсулуктар, Александровка айылы­на синьцзяндыктар) көчүп келип отурукташкан. 1932-жылдан «Хуэй­мин Бо» («Дунган гезити») гезити, ки­тептер дунган ти­линде басылып, ра­дио берүү жүргүзү­лөт. КР УИАда Кы­т ай дан т ышк ары жерлерде жашаган Д-дын тарыхын ж-а мад-тын ил. жактан и зи лдөө чү дунган таануу бөлүмү иш­тейт. Д. дыйканчы­лык, мал чарбачы­лык м-н кесиптени-


шип, дубалы кыштан же саман аралаш топу­рактан согулган үйлөрдө жашашкан. Кышкы­сын жылуу болсун үчүн мешке жанаша салын­ган секичеде (кан) укташкан ж-а тамактаныш­кан. Эркектер м-н аялдардын улуттук кийим­деринин үлгүсү окшош. Эркектер оң жагына топ­чуланган кенен көйнөк, шым, кездемеден шы­рылган бут кийим, аялдары саймаланып кооз­долгон кийимдерди кийишкен. Тамак-ашы не­гизинен эт, дан, сүт азыктары ж-а жашылча­жемиштер, а. и. крахмалдуу кесме, күрүчтөн да­ярдалган ботко, ачуу татымалдар кеңири пай­даланылат. Күрүчтү ж-а нанды тузсуз даярда­шып, тамакты таякчалар м-н жешет. 1994-ж. Кырг-нда Д. ассоциациясы (президенти Есен Ис­маилов) түзүлгөн. Учурда дунган улутунун өкүлдөрү Кырг-ндын ар кайсы тармактарында эмгектенүүдө. Кырг-ндын ад-тынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн дунган акыны, котормо­чу Ясыр Шивазага Кыргыз ССР эл акыны (1974) деген наам ыйгарылган.

Ад.: Сушанло М. Дунгане (историко-этнографиче­ский очерк). Ф., 1971. Ч. Жумагулов.