ДУНГАН МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН МУЗЫКАСЫ – дунган калкынын му­зыкасы. Д. м. бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обон­дуулугу, ыргагынын ж-а өлчөмүнүн эркиндиги м-н айырмаланат. Элдик муз. аспаптары: ми­хузы, эрхузы, сыхузы (кыл аспап), «ди», «щё» (үйлөмө аспап), санщянцзы, пиба, ёнчин, ку­чянзы (чертме аспап), вазы (урма аспап). Ыр­чылар муз. аспаптын коштоосу м-н аткарат.
Дунгандар ырды эне тилинин фонет. өзгөчөлү­гүнө байланыштуу басыңкы үн м-н ырдайт. «Нанчо данфи», «Мынчжано» сыяктуу эски ырла­ры бүгүнкү күнгө чейин ырдалат. Октябрь рев-я­сынан мурун Пишпек уездинде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй, Исмаз, Чжупи Давуз сыяктуу аспаптык музыканы мыкты аткаруучулар бол­гон. Чжан Сумаз бир нече аспапта ойногон. Анын баласы Чжан Гашим Кыргыз мамл. фи­лармониясындагы дунган ансамблине жетекчи­лик кылган. 1930-ж. Алматыда муз. аспаптын чебер аткаруучусу Машанло Сыдзюзынын ысмы белгилүү. Кырг-н (Кыргыз ССР эл арт. Х. Мух­таров) м-н Казакстанда (СССР комп. союзунун мүчөсү, Алматы консерваториясынын доценти Б. Баякунов ж. б.) муз. жогорку билими бар бир катар профессионал музыканттар иштеш­кен. Респ-дагы дунган калкынын туңгуч компо­зитору, КРдин эл арт. Есен Исмаилов «Чунтян», «Есен-Д» эстрадалык топторун жетектеп, ырла­рын тартуулап келүүдө.