ДУНКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНКА́Н , Д а н к а н Айседора (27. 5. 1877, Сан-Франциско – 14. 9. 1927, Ницца) – амер. бий­чи. Модерн бийлери мектебине негиз салган­дардын бири. Ал Бетховен, Глюк, Шопен, Чай­ковский ж. б. композиторлордун бийге арнал­баган музыкаларын пайдаланган. Балеттик ки­йимди (пачка, трико) грек туникасы м-н алмаш­тырган; пуанта м-н бийлөөдөн баш тарткан, бут кийимсиз бийлеген («жылаңайлактар бийи»). Россияга 1904-ж. келип бийлеген, кийин импе-

ратор театрында (1905–13), МХТда бий мек т ебин уюштурууга ара­кеттенген. Герма­ния (1904), Фран­ция (1912), АКШ- дагы (1915) мек­тептери аз иштеп жабылып калган. 1921-ж. 7-ноябрда Чоң театрда салта­наттуу кечеде өз тарбиялануучула­ры м-н бий л еп чыккан (кечеге В. И. Ленин ка­тышкан). Д. ре­пертуарына «Марсельеза», «Интернационал», «Варшавянка» кирген. 1922-ж. С. Есенинге тур­мушка чыккан (студия ачкан). 1924-ж. СССРден кеткен. Анын студиясын бакма кызы Ирма Д. жетектеген (студия 1949-ж. чейин иштеген). Д-дын бий өнөрүнүн өнүгүшүнө таасири чоң.