ДУНТИНХУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНТИНХУ́ – Кытайдын чыгышындагы көл. Цзянхань түздүгүндө, Янцзы д-нын оң жээгин­де. Аянты кышында 4–5 миң км2ден, жайында 10–12 миң км2ге чейин өзгөрүлөт, деңгээли 10– 15 мге чейин көтөрүлөт. Көлгө Сянцзян, Юань­цзян, Лишуй, Цзышуй ж. б. дарыялар куят, салаалары аркылуу Янцзы д. м-н туташып, анын агымын жөнгө салып турат; Янцзы таш­кындаганда анын агымынын 40–60% көлгө куят (жайында). Кеме жүрөт, балык кармалат; жээгинде шалы эгилет.