ДУҢКАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУҢКАНА Кочуке уулу (1886, Нарын обл., На­рын р-ну, Эчки-Башы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-жылдарда айылдык ке­ңештин төрагасы, кийинчерээк чабан болуп иш­теген. Д. «Манас», «Семетей» эпосун Тыныбек, Касымбай манасчылардын айтуусунда көп ук­кан. «Манас» айтуунун чеберчилигин манасчы Чоюке, Дыйканбайдан үйрөнгөн. Замандашта­ры С. Каралаев, М. Чокморовдон таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жак­шы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Башка манасчылардай эле Д. өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү м-н бай­ланыштырат. Д-нын вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (С. Каралаев, М. Чокморов) варианттарына жакын, о. эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңиртоо айма­гынан чыккан манасчылардыкына окшош. Ал эпостун «Семетей» бөлүгүн толук, ал эми бирин­чи бөлүгүнөн «Манастын бала чагы», «Чоң ка­зат», «Көкөтөйдүн ашы» сыяктуу салттык ту­руктуу эпизоддорду айткан. Д. айткан «Семе­тейдин» варианты көлөмү жагынан чакан, оригиналдуу ж-а көркөмдүк өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Манасчы негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыш­тырганда ички көркөмдүк каражаттар сейреги­рээк. Анын вариантын 1965–67-ж. илимпоздор С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагазга түшүрүшкөн, азыр ал КР УИАнын Кол жазмалар фондусун­да сакталып турат.