ДУРОВДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУРОВДОР – орус цирк артисттеринин, маска­рапоз-дрессировщиктердин үй-бүлөсү. А н а т о­л и й Л е о н и д о в и ч Д. [26. 11(8. 12). 1864, Москва –8(21).1.1916, Мариуполь] – акробат, эквилибрист, жонглёр. 1879-ж. балаганда ой­ноодон баштап, 1882-ж. айбанаттарды үйрөтүүгө өткөн. Саясий сатирага кайрылган туңгуч цирк артисти. В л а д и м и р Л е о н и д о в и ч Д. [25. 6(7. 7). 1863, Москва – 3. 8. 1934, ошол эле жер] – РСФСРдин эмг. сиң. арт. (1927). А. Л. Дуровдун агасы. 1879-ж. үйрөтүлгөн ай­банаттары м-н сатиралык номурларды аткар­ган. Россияда 1-жолу айбанаттардын табигый сезимине ж-а рефлексине карата үйрөтүү жолун иштеп чыккан. 1912-ж. Москвада музей-бурч ачкан (азыр В. Л. Дуров атн. бурч). А н а т о­л и й А н а т о л ь е в и ч Д. [26. 11(8. 12). 1887, Воронеж – 19. 11. 1928, Ижевск] – А. Л. Дуров­дун уулу. Өнөрүн 1914-жылдан көрсөтө башта­ган. Империалисттик согушка каршы чыгарган

Т. В. Дурова оюн көрсөтүүдө.

тамашасы үчүн сүргүнгө айдалган. 1917-ж. цирк­ке кайра келип, айбанаттардын көп түрүн үйрө­түп, оюн көрсөткөн. В л а д и м и р Г р и г о р ь е­в и ч Д. [3(16). 4. 1909, Воронеж – 14. 3. 1972, Москва] – СССР эл арт. (1967). А. Л. Дуровдун небереси. Д-дун жолун жолдоп, сатирачы-мас­карапоз катары айбанаттарды кызыктуу ой­нотууга жетишкен. Европанын көп өлкөлөрүн­дө өнөрүн тартуулаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Ю р и й В л а д и м и р о в и ч Д. [30.12. 1909 (12. 1. 1910), Петербург – 22. 2. 1971, Брюс-

Маскарапоз-дрессировщик Ю. В. Дуров (оң жакта).

сель] – СССР эл арт. (1971). В. Л. Дуровдун небе­реси. Сатирачы-маскарапоз, ар түрдүү айбанат­тарды оюнду жаңылбай аткарууга үйрөткөн ус­тат. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Т е р е з а В а с и л ь е в н а Д. (5. 9. 1926-ж. т., Воронеж) – РСФСРдин эмг. сиң. арт. (1969). А. Л. Дуровдун небереси. 1947-жыл­дан ар түрдүү айбанаттар м-н оюн көрсөтүүдө.

Ад.: Таланов А. В.. Братья Дуровы. М., 1971.