ДУУЛДАКТАР
ДУУЛДАКТАР (Carabidae) – коңуздардын тукуму. Уз. 2 ммден 8 смге чейин. Көпчүлүгүнүн арткы тешигиндеги ачыштыргыч суюктук бөлүп чыгаруучу бездери жакшы өөрчүгөн. Канат жапкычтары боор жагын бүт жаап, алар кээде бири бирине биригип калса, канаттары өспөйт же жок болот. Көпчүлүгү жырткыч, кээ бири өсүмдүк жешет. Личинкасы сүйрү, кыймылдуу, кара, жалтырак. Топуракта куурчакчага айланат. Д. моллюскалар, курткумурскалардын личинкалары м-н азыктанат.
Айрымдары а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Күндүз таштардын, түшкөн жалбырактардын астына жашынып, түнкүсүн азыгын издейт. 20 миңге жакын түрү бүт Жер шарына, көпчүлүгү Азия, Европанын климаты мелүүн жерлерине таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2300дөн ашык түрү бар.