БИРИНЧИМАЙ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. Биринчи май күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим 1889-ж. июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-ж. Биринчи майда демонстрация ж-а иш таштоо уюштурушкан Чикаго (АКШ) шаарынын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-ж. Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция ж. б. өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-ж.) өткөрүлгөн. 1917-жылдагы Февраль рев-ясынын жеӊишинен кийин Россияда Биринчи май. эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан м-н чыгышкан. СССРде Биринчи май тынчтык ж-а элдердин ортосундагы достук майрамы катары майрамдалып, 1-май 1918-ж. РСФСРдин, 2-май 1928-ж. 23-апрелде СССР БАКтын чечими м-н дем алыш күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда 1917-ж. Биринчи май Эркиндик күнү деп аталып, Ош, Пишпекте, Кызыл-Кыя, Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестациялар өткөрүлгөн. Бул майрам бүгүнкү күндө да эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары белгиленет.