ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР – мектеп жашы­на чейинки ж-а кенже окуучулар үчүн таалим­тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Д. о. окуучулардын сезимталдыгын, байкагыч­тыктыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, речин, айлана-чөйрөгө болгон элес­тетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жай­ланышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулар­дагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезими­нин өсүүсүнө таасир берүү м-н, жүрүм-турум нор­маларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюн­чуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ). О. эле сөз м-н ойнолгон оюндар (мис., табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Д. о-да турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды ж-а жаратылыш мате­риалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга бо­лот. Д. о. өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маа­нилүү каражаты болуп эсептелет ж-а балдар­дын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа б-ча өтүлөт. М.Усупова.