ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:44, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Mariya (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР – мектеп жашы­на чейинки жана кенже окуучулар үчүн таалим­ тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Дидактикалык оюндар окуучулардын сезимталдыгын, байкагыч­тыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, айлана-чөйрөгө болгон элес­тетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жай­гашышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулар­дагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезими­нин өсүүсүнө таасир берүү менен, жүрүм-турум нор­маларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюн­чуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ж. б.). Ошондой эле сөз м-н ойнолгон оюндар (мисалы, табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Дидактикалык оюндарда турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды жана жаратылыш мате­риалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга бо­лот. Дидактикалык оюндар өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маа­нилүү каражаты болуп эсептелет ж-а балдар­дын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа боюнча өтүлөт.

М.Усупова.