ДОСТУК АЗИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК АЗИЛ – сатиралык же юмордук ад-т­тагы көбүнчө ыр же кара сөз түрүндө жазылган арноо түрүндөгү кыска чыгарма. Д. а-де элге бел­гилүү инсандын (коомдук ишмер, акын-жазуу-


чу, саясатчы ж. б.) айрым мүнөздүү өзгөчөлүк­төрү жалпы жонунан макталса да, апыртуу, тамаша, какшык аркылуу кээ бир кемчилик­тери айтылат. Д. а-дин ыкмаларын дүйнөлүк ад-ттын классиктери памфлет, эпиграмма, фельетондо пайдаланган. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Борбугулов, Б. Сарногоев ж. б. акындар өнүктүргөн. Азил ырларды адатта гезит-журналдардын майрам­дык сандарында тамашалуу портрет коштойт, к. Шарж.