ДОМЬЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЬЕ́ Оноре Викторьен (26. 2. 1808, Мар­сель – 11. 2. 1879, Парижге жакын, Вальмон­дуа) – француз графиги, живописчи ж-а скульп-


О. Домье. «Кир жуу­гуч аял». Лувр. Па­р иж. 1 85 9 – 6 0- ж . чен.

тор. 1814-жылдан Парижде жашаган, сүрөттөн ж-а живопистен сабак алган. Сын реализминин өкүлү, демокр. кыймыл м-н тыгыз байланыш­туу сатиралык сүрөттүн ж-а литографиянын чебери болгон. 1830-жылдагы рев-ядан кийин карикатуранын чебери катары таанылган. Ли­тогр. портрет-шарждарында, ксилогр. чыгарма­ларында Д. жумушчулар м-н рев-ячылардын об­разын жараткан («Закон уюткусу», «Басма сөз эркиндиги», «1834-жылдын 15-апрелиндеги Транснонен көчөсү»). Саясий карикатурага тыюу салынгандан кийин (1835) Д. турмуш сатира­сында иштеп, дүнүйөкор соттор м-н чиновник­терди сынга алган («Карикатюран» сериясы, 1836–38; «Мыйзамчылар», 1834; «Боорукер бур­жуйлар», 1846–49). 60–70-жылдары саясий са­тирага кайрадан кайрылган. Д-нин чыг-лыгы пролетардык азатчыл козголоң м-н тыгыз бай­ланыштуу («Козголоң», 1848; «Баррикададагы үй-бүлө», Улуттук гал., Прага). Д. живописте ж-а скульптурада драматизм м-н сатираны, баа­тырдык м-н гротексти айкалыштырган («Дон Кихот», 1868, Жаңы пинакотека, Мюнхен).

Ад.: Калитина Н. О. Домье. М., 1955; Эсколье Р. О. Домье / Пер. с франц. М., 1978.