ДОСТУК МОНУМЕНТИ
ДОСТУК МОНУМЕНТИ– кыргыз, орус элинин достугунун символу катары тургузулган эстелик. Фрунзедеги борбордук аянтта ачылган (1974-жыл, 18-октябрь). Авторлору: скульпторлор Т. Садыков, З. Хабибуллин,
монументалист художник С. Бакашев, архитектору А. Нежурин. Достиук монументи кыргыз элинин өз ыктыяры менен Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийиктиги 30 м эки ак канат сымал мрамор-пилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус жана кыргыз калкынын достугун мүнөздөйт.
