ДОСУМБАЕВ
ДОСУМБАЕВ Күнболот (10. 9. 1939, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 29. 5. 2002, Бишкек) – КРдин эл арт. (1991), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1986). А. Н. Ост-

ровский атн. Ташкент мамл. театр иск-восу ин-тунун актёрдук ф-тин бүткөндөн (1963) Кыргыз мамл. акад. драма театрында иштеген. Д. – ар түрдүү драмалык, трагедиялык, комедиялык, сатиралык пландагы образдарды түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Негизги ролдору: Досберген (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Жекшенкул (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Төрөкелди-Карадөө (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош»), Шырдакбек (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»), Атабаев, Мурат, Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт», «Жарыктык карыларым», «Ашырбай»), Герцог Ольбани (У. Шекспир, «Король Лир»), Альдемаро (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Сары таз, Кыяз, Манас (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас») ж. б. 1951-жылдан киного да тартылган. Медалдар м-н сыйланган.
