ДРЕССИРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕССИРО́ВКА (фр. dresser – үйрөтүү) – көп ирет кайталоо жолу м-н айбанатты акырындап та­таалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн

КРдин эл артисти С. Урманбетов үйрөткөн жаныбар­лары менен оюн көрсөтүүдө (1976).

айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да Д. деп аталат. Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткар­туу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, о. кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус ско­морохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. 19-к-дын 20–30-жылдарында ай­банаттарды чүмбөттөл­гөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50–60-жылдарда айба­наттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзо­тикалык жаныбарлар м-н иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас ара­банын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонул­ган. Д-дагы бул жаңы ба­гыт А. Л . Ду ров ду н ысмы м-н байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда ж-а репри­заларда каарман катары пайдаланган. Экс­периментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанат­тарынан баштап, пилге чейин маанилүү элемен­ттерди колдонуу ыкмасы м-н манежде зоо­парктык Д. программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. Дуровдордун сал­ты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде КРдин эл арт. С. Урманбетов айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал. Т. Сатаров.