ДУМАЛАР
ДУМАЛАР – украин оозеки муз. фольклорунун эпика-лирикалык жанры. Мазмуну б-ча тарыхый окуяларга арналат. Д. 15–17-к-да казак орус демократиясынын өзгөчө шарттарында пайда болгон. Д-дын репертуарынын негизги бөлүгүн сокур ырчылар – кобзарлар (бандурачылар) түзгөн. Д-да татар-түрктүн колуна түшкөн украин кул туткундардын көргөн азап-тозогу, поляк шляхтасынын эзүүсүнө каршы украин элинин боштондук согушу баяндалган. Кийин Улуу Октябрь рев-ясы, Гражд. ж-а Улуу Ата Мекендик согуш ж-дө Д. пайда болгон.