ДУТАР
ДУТАР (фарсча д о т а р, до – эки, тар – кыл) – байыркы кылдуу муз. аспап. Тажиктерде дутор, түркмөн, өзбек, уйгурларда дутар деген аталышта тараган. Тулкусу алмурут түспөлүндө келип, тыт жыгачынан чабылат. Моюну узун, 13–14 беренеге бөлүнгөн. Эки кылдуу; жибек же ичеги кыл тагылат. Добушу назик. Д-дын жөнөкөй түрү Тажикстандын тоолуу райондорунда жашаган элдердин арасында кеңири тараган. Д. негизинен квартага, кээде квинтага күүлөнөт. Узундугу Памирде 750

мм, өзбекте, тажикте ж-а кытайда 1200–1300 мм. Д. жеке ж-а коштоочу аспап катары пайдаланылат. Д-дын прима, альт, бас, контрабас түрлөрү өркүндөтүлгөн. Д-дын беренеси 20га жетип, доошу бийиктелет. Өзбек эл аспаптар оркестринде, ансамблдерде ойнолот, ырларды, аспаптык чыгармаларды коштойт.