ДИРИЖАБЛЬ
ДИРИЖА́БЛЬ (фр. dirigeable – башкарылуучу) – абадан жеңил газ (суутек, гелий) толтурулган, винттүү кыймылдаткычы бар, башкарылып учуучу учак (аэростат). Дирижабль жүк көтөрүмдүү ж-а алыска бара алат, бирок жай учат ж-а аба ырайына көз каранды. 1852-жылы франциялык инженер А. Жиффар учууга жөндөмдүү алгачкы

Дирижаблди жасаган. Улам барган сайын Дирижабль жакшыртылып, көлөмү чоңойтулган. Дирижабль газ толтурулган корпустан, каршы-терши орнотулган канаттардан, горизонталь ж-а тик жайгашкан кыймылдуу башкаруу рулдардан, экипаж, жүргүнчү, кыймылдаткыч, жабдуу ж-а буюмдар жайгашуучу гондоладан турат (к. сүрөт). Дирижабль жумшак,