ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ графика каражаттарынын жардамы м-н сызыктарды, штрихтерди ж-а чекиттерден түзүлгөн сүрөттөлүштөрдү алуу. Айрым графикалык көркөм чыгармалар ар кандай полигр. жолдор (мис., ксилография, гравюра, литография, цинкография ж. б.) м-н алынат. Түрдүү кубулуштарды изилдөө аркылуу сүрөттөлүштөрдү алууда өз алдынча жазуучу приборлор (мис., медицинада кардиограммалуу ж. б.) колдонулат. Математика сабагында диаграммалар ж-а графиктер, пландар; география, тарыхта пландар ж-а карталар; физика, чийүү, эмгекке үйрөтүү сабактарында схемалар колдонулат.