ГРАФСЫЗГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАФСЫЗГЫЧ, п л о т т е р – имарат планын, же чынжырлар диаграммасы сыяктуу чиймелерди басып чыгарууда колдонуучу түзүлүш. К ал е м д ү ү ж-а э л е к т р с т а т и к а Г-ы деп аталган эки түрү бар. Программалык жабдыктардын буйругу м-н калем планшеттин бетине орнотулат. Ал планшеттин бети м-н буйруктарга ылайык жылып сүрөт түшүрөт. Электрстатика Г-ынын ар бир сабынын алдына өткөргүч (ийне) болот, ал документке электрстатика чыӊалуусун түзүп, кийин документ көрсөтүүчү түзүлүш аркылуу өтөт ж-а заряддалган өткөргүчтүн документке тийген жери чийилет. Электрстатика принтери бир катар кичине чекиттерден түзүлөт ж-а алар м-н жогорку сапаттагы сүрөт тартылат. К. Т. Осмонов.