ДОН ЖЫЛКЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОН ЖЫЛКЫСЫ – минги-чегилме жылкы по­родасы. Дон д-нын боюндагы талааларда илгер­тен эле асыралып келген. Кийинчерээк башка таза кандуу жылкылар м-н аргындаштыры­лып, асылдандырылган. Д. ж. абдан жотолуу. Асыл тукум айгырынын ыйык жалынга чейин 9*


бийикт. 159 см, дене уз. 160 см, көкүрөк курчамы 185 см, бутунун жоондугу 21 см.
Өңү жээрде, ай­рымдары буурул. Колдон жем-чөптү кө п тал ап кыл­байт; үйүрдө багылат. Климаттын катаал шар­тына чыдамдуу. Д. ж. минги-унаа катары ж-а ат спортунда пайдаланылат. Д. ж-нын «Зенит» деген айгыры бир суткада 311,2 км аралыкты басып өтүп, дүйн. рекорд койгон. Негизинен Рос­сиянын Ростов обл. м-н Ставрополь крайында асыралат. Д. ж. кыргыз жаңы жылкысын чы­гарууда, Кырг-ндын ¹ 54 Ысык-Көл жылкы з-дунда жерг. жылкыны асылдандырууда пай­даланылган.