ДООГЕР
ДООГЕР – жарандык процессте өзүнүн бузулган же талашка түшүп жаткан жеке укугун ж-а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко же бейтарап сотко кайрылган жаран же юрид. жак. Бул процессте доо арызы б-ча кызыкчылыгы коргоого алынган тарап Д. болуп эсептелет. Д-дин мыйзамга ылайык укуктары бар. Алар – иштин материалдары м-н таанышуу, далилдерди келтирүү, процесстин катышуучуларына суроо берүү өтүнүчү м-н кайрылуу, соттун чечимине даттануу укуктары ж. б.