ДОПИНГ
ДО́ПИНГ (англ. doрing, dope – баңгизат берүү) – кабыл алганда организмдин кара күчүн арттырып, көңүлүн көтөрүүчү фармакол. ж-а табигый заттар. Мындай абал тез болуп, кыска убакытка гана созулат. Негизинен спорттук ийгиликтерди жакшыртуу үчүн спортто ж-а ветеринарияда колдонулат. Д. байыркы заманда эле белгилүү болгон, ал эми 20-к-дан айрым өлкөлөрдө кесиптик спортто колдонулат. Д. кабыл алган спортчунун организми өтө тез ж-а аз убакыт-

тын ичинде адам чегине жеткен чымыркануу м-н иштейт. Бирок, бул адам ден соолугуна зыян келтирип, кээде өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Эл аралык олимпия к-ти 1967-ж. Д-ди кабыл алууга тыюу салып, эл аралык мелдештерде Д-ге каршы көзөмөл уюштуруу ж-дө чечим кабыл алган. Эл аралык мелдештерде Д-ге каршы көзөмөлдөө комиссиясы иштеп, спортчулар текшерүүдөн баш тартышса же Д-ди колдонгону аныкталса, мелдештен четтетилет, жеңиши же рекорду эсептелбейт. Ал эми командалык спортто бир эле спортчунун Д-ди колдонгону аныкталса, ошол команда утулган болуп эсептелет же дисквалификацияланат.