ДОРИЙ ОРДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОРИ́Й ОРДЕРИ – грек системасындагы үч не­гизги арх-ралык ордерлердин бири. Ал бекем­диги б-ча Рим системасындагы ордерлерден тос­кана ордеринен кийинки экинчи орунду ээлейт. Грек-дорий ж-а рим-дорий ордерлеринин жал­пы белгилери: 1) карниздеги мутулдар; 2) триг­лифтик-метопалык фриз; 3) жылма архитрав; 4) түркүгү тоскана ордерине караганда ичке, ал эми ионик ордерине караганда жоон; 5) моюнча (римдик вариантында астрагал м-н баса көрсө­түлгөн) эхин ж-а салыштырмалуу жоон, чарчы абак; 6) тыгыз жайланышкан ж-а бири-бири­нен миздүү кырлары аркылуу бөлүнүп турган каннелюрлар м-н фуст. Грек-дорийлик түркүк­тө базанын жоктугу, ал эми рим-дорийлик (Ж. Виньола иштеп чыккан дорийлик база са­лыштырмалуу түрдө аз, көп учурда аттикалык база колдонулат) түркүктө базанын сөзсүз болу-


шу бул эки варианттын айырмачылыгын түзөт. Арх-ралык-теор. эмгектерде Витрувийдин (б. з. ч. 1-к.) мезгилинен баштап эле дорийлик түркүк­тү жылаңач эркек-алптын, ал эми ордердин өзүн анын рухий ж-а кара күчүнүн чагылдыры­лышы катары кабыл алып келишкен. Адатта мындай символика аны м-н милдети б-ча туу­ра келген курулуштарда Д. о-н колдонууга чек койгон. Бир фасадда башка ордерлер м-н айка­лышта Д. о. «оор ордер» катары көбүнчө төмөн жакта, бирок тоскана ордеринен жогору жай­гашкан.