ДОРИЙЛИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОРИЙЛИКТЕР , д о р я н д а р – байыркы грек урууларынын негизгилеринин бири. Адегенде Түн. ж-а Ортоңку Грекияны мекендешкен. Болжол м-н б. з. ч. 12-к-дын башында Грекия­нын түш.-батыш райондорун ээлеген. Д. жа­шаган аймактарда мамлекеттер эрте (б. з. ч. 8– 6-к.) калыптанып, аларда өндүрүштүн кул ээлөө­чүлүк ыгы м-н катар уруучулук түзүлүштүн көп калдыктары узак убакытка сакталып турган.

Ад.: Колобова К. М. Из истории раннегреческого общества (о. Родос IX–VII вв. до нашей эры). Л., 1951.