ДОСБЕРГЕНОВ Төлөбек
ДОСБЕРГЕНОВ Төлөбек (1906, Казак Респ., Жамбыл обл., Сары-Суу р-ну, ¹ 1 айыл –15. 12. 2000, Кара-Буура р-ну, Жоон-Дөбө айылы) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1957). Талас обл., Киров р-нундагы «Жоон-Төбө» асыл тукум кой з-дунун баш чабаны болуп иштеген. 1955-ж. Ар 100

тубар койдон 140тан (1956- ж. 113төн) козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 5,3 кг жүн кыркып алган. Кыргыз уяң жүндүү коюн чыгарууга катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.