ДОСТУК (Кадамжай районундагы кыштак)
ДОСТУК , А к - Т а м – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Марказ айыл өкмөтүнө караштуу. Ленинабад (Тажикстан) темир жол бекетинен 18 км. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 5 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 21 км. Деңиз деңгээлинен 770 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1229 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Үй-бүлөлүк врачтардын 2 тобу иштейт.