ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин т. ж. бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай ж-а Достук-Сай сууларынын аралыгын­да, деңиз деңг. 2250–2450 м бийиктикте жай­гашкан. 1961–65-ж. издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терри­ген-жанартоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чык­кан. Кенташ тулкулары фенакит ж-а берилл ми­нералдары м-н флюорит метасоматитинен түзү­лүп, түн.-батыш ж-а түн.-чыгыш тарапка созул­ган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын уз. 20–500 м, калыңдыгы 0,1 м- ден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орт. өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.