ДОСТУК МОНУМЕНТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
ДОСТУК МОНУМЕНТИ – кыргыз, орус элинин досту­гунун символу ка­тары тургузулган эстелик. Фрунзеде­ги борбордук аянтта ачылган (1974-жыл, 18-октябрь). Ав­торлору: скульп­торлор Т. Садыков, З. Хабибуллин,

монументалист художник С. Бакашев, архитектору А. Нежурин. Достиук монументи кыргыз элинин өз ыктыяры менен Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийиктиги 30 м эки ак канат сымал мрамор-­пилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус жана кыргыз калкы­нын достугун мүнөздөйт.