ДРЕЗДЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕ́ЗДЕН – Германиядагы шаар. Эльба д-нын боюнда. Саксония жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина ку­руу (негизинен электр-тех., радиоэлектроника), кино ж-а фотооптика, хим.-фармацевтика пре­параттары, полигр., трикотаж, бут кийим, эме­рек, тигүү, тамак-аш – татымал ө. ж. ишкана­лары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Тех. ун-т, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт гал. бар. Туризм өнүккөн. Алгач 1216-жылдан эске­рилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королду­гунун борбору. 15–18-к-дын арх-ра эстеликте­ри: сепил-сарай (15-к.), барокко стилиндеги– Цвингер (1711–22) ж-а Пильниц (1720–24), са­рай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор ж-а айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.